БАШКЫ БЕТ > Макалалар

Үйдү кантип туура жылуулоо керек?

Үйдү кантип туура жылуулоо керек?

"Т-Медианын" коллажы

"Үйдүн дубалын бир же 1,5 кирпич менен тургузуп койсом, бул калыңдык жылуулукту сактап калат" деп ойлойсузбу?

Бул жаңылыштык. Мындай дубалды сыртынан дагы да жылуулашыңыз керек. Элестетиңиз, сиз кышында үшүбөй жүрүш үчүн "куртканын ордуна жөн эле жука кемсел сатып алып, аны кийсем жылуу жүрөм" деп үмүт кылып жатасыз. Үйдү куруп жатканда жылуулабай коюу ушул эле мисалдай.  

Эксперттер үйдү сыртынан жылуулаган эң натыйжалуу экенин айтып келет. Бирок, көпчүлүк жарандар курулуш жүргүзүп жатканда "акчаны үнөмдөйм" деп, үйдү жылуулоого керектүү материалдарды албай коюшат. Жыйынтыгында сиздин үйүңүз канча электр энергиясын сарптап, от жакканыңызга карабай жылуулук кармабайт. Жылуулук эшик, терезе, пол, шыптар аркылуу чыгып кетет. Башкача айтканда, сиз көбүрөөк от жагып,  курулушутан үнөмдөгөн акчаны кайра эки эселеп көмүр алууга, электр энергиясын төлөөгө корото баштайсыз. Мисалы, дубалды жана чатырды жылуулоо үчүн пенопласт, минералдык вата, пеноплекс/карбон, камыш материалдары колдонулат. Мындай курулушта өрткө каршы жакшы деп эсептелген базальт плиталарын пайдалануу сунушталат.

Үйдү кантип туура жылуулап, чөнтөгүңүзгө гана эмес экологияга да пайда кылсаңыз болот?

Сөзсүз терезе, эшик, пол, дубалды жылуулаңыз. Мисалы, Кыргызстанда топурактын үстүндө цемент куюлган же жыгач полдор көп курулат. Ал экөөнү жылуулоо эки бөлөк болот. Чатыр менен полду жылуулоого кайра эле базальт плиталары, андан тышкары полго пеноплекс, калың пенопласттар, чатырга минералдык вата колдонулат. Терезени жылуулоого беш камералуу профиль, үч кабаттуу айнек, энергия үнөмдөөчү айнектерди колдонуу керек. Сырткы терезелерди да поролон, базальт плиталары, калыңдатуучу резинкалар менен жылуулаганыңыз оң. 

Кыргызстанда мунун баары туура кылынбагандыктан турак жайлар энергиянын үнөмдүү, натыйжалуу колдонулушуна жете элек. Изилдөөлөргө ылайык, өлкөдөгү имараттар башка өнүккөн мамлекеттерден 3-4 эсе көп энергия коротушат.

Мисалы, бир үй-бүлөгө ылайыкташкан бир кабаттуу үйдү жылытууга өлкөдө 320-2380 кВтсаат/метрге чейин керектелет. Ал эми ошол эле бир кабаттуу турак жайды жылытууга шарты, климаты бизге окшош болгон Норвегия мамлекетинде бул көрсөткүч 110 кВтсаат/метрди түзөт. 

Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүүсүн 16%га азайтууну пландап жатат. А өлкөдө парник газын бөлүүчүлөрдүн 60%ы энергетика секторуна туура келет. Анын ичинде көмүр колдонгонубуз абага көмүр-кычкыл газын эң көп бөлүп жатат. Кыргызстан көмүр колдонууну азайтууга аракет кылганы менен ишке аша элек. 2021-жылы өлкөдө 3062,5 тонна, 2022-жылы 3632,6 миң тонна көмүр казылган

Бишкектин абасы кыш мезгилиндеги 91 күндүн 89 күнүндө ден соолукка зыяндуу болгон

"МувГрин" экологиялык уюмунун абанын сапатын көрсөткөн датчиктери быйыл Бишкектин абасы кыш мезгилиндеги 91 күндүн 89 күнүндө ден соолукка зыяндуу болгонун көрсөткөн. Ал эми Ош шаарында аба ооруга сезимтал топтор үчүн 43 күн кооптуу болгон. Экологиялык адистер кыш мезгилинде жашоочулар көбүнчө үйдү жылытууга керектелген көмүрдү, желимден жасалган ар кандай таштанды калдыктарын жана унаанын дөңгөлөктөрүн көп жаккандыктан аба булганып жатканын айтып келет. 

Кыргызстан бул кооптуулукту азайтуу үчүн казылып алынуучу отунду колдонууну азайтууну максат кылган. Ошондой эле жаңыланып туруучу энергияны колдонууга өтмөкчү болгон. Башкача айтканда, күн, шамал сыяктуу башка ресурстар менен электр энергиясын ала баштап, көмүр, сууну колдонууну азайтуу пландалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала