БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадамжай: милиция майыптыгы бар жаранды урган окуяны тергеп баштады

Кадамжай:  милиция майыптыгы бар жаранды урган окуяны тергеп баштады

Сүрөт: стационардын маалымат кызматы

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы Кадамжайдагы психоневрологиялык социалдык стационарда сабалган жаран боюнча комментарий берди. Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тарап жаткан видео 2021-жылы тартылган. Анда мекеменин бригадири 32 жаштагы оорулууну качканы үчүн коркутуп коюу максатында опузалаган.

 

"Бригадир болуп иштеген 62 жаштагы кызматкер суткалык күзөттө турган учурда, ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы оорулуу мекемеден качып кеткен. Аны кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөн. Аталган мекемедеги кызматкерлер өз ара келише албай видео соцтармакка тарап кеткен. Ал эми ошол жерде дарыланган 32 жаштагы оорулууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мекемедеги бригадир болуп иштеген, тактап айтканда видеодогу кишиге юридикалык баа берилет", -деп билдирди милициядан.

Учурда бул факты боюнча райондук милиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө. 

Ал эми стационардын басма сөз кызматы майыптыгы бар адамды сабаган кызматкер иштен бошотулганын билдирди. Мекемеде эки жүздөн ашык социалдык камсыздоого муктаж жаран жашайт.

Соцтармактарда 6-декбарда майыптыгы бар жаранды бир адам уруп жаткан видео тараган. Анда кызматкер бир нече жаранды тергеп, башкаларын да баш-көзгө койгулап жатканын көрүүгө болот. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей