БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кадамжай: Психоневрологиялык мекемеде адам укуктары бузулганы аныкталды

Кадамжай: Психоневрологиялык мекемеде адам укуктары бузулганы аныкталды

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору тараткан сүрөт

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Кадамжайдагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Мекеменин кызматкерлери 21-ноябрда сөз болгон жайга барган учурда бир катар укук бузууларды табышкан. 

"Атап айтканда, температуралык режим сакталган эмес. Мекеменин коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°C, ал эми уктоо бөлмөлөрүндө +11°C ден +13°C ке чейин жетет. Мунун айынан кызмат алуучу адамдар бөлмөлөрдө сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болушууда. Ошондой эле уктоочу матрастар антисанитардык абалда. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, имарат ичиндеги температура +18°C ден +24°C ге чейин болушу керек",- деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле тамак-аш системасында да кемчиликтер табылган. 

"Тамак аштарды даярдоо үчүн, ашкана кызматкерлеринин айтымында, кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынган деп көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө болгону сегиз килограмм бышырылган эт болгон. Андан сырткары бир ашкана кызматкеринде санитардык китепче жок болуп чыккан", -дейт борбор.

Мындан улам укук коргоочулар жогорудагы жагдайлар боюнча акт түзүп, тиешелүү органдарга жөнөтүшкөн.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору октябрь айында Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган кыз-келиндер кармалуучу социалдык-стационардык мекемеде адам укуктары одоно бузулуп жатканын билдирген. Ички иштер министрлиги буга байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Ал эми апрелде борбор Бишкектеги Республикалык психиатрия жана норкология борборун атайын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды таап чыгышкан. Анда бейтаптарга түзүлгөн шарттар адамгерчиликсиз мамиле жана кыйноо катары бааланары айтылган. 

Окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги "Т-Медиага" түшүндүрмө берип, шарттар талапка жооп берээрлик түзүлүш үчүн каражат жетишсиз болуп жатканын билдирген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала