БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадамжай жана Чоң-Алай райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Кадамжай жана Чоң-Алай райондоруна жаңы акимдер дайындалды

коллаж

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районуна Болоткан Баяке уулун аким кылып дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Бул кызматты ээлеп турган Кутпидин Шакиров 12-декабрда кызматтан алынган. Ал райондо өтүп жаткан Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган мааракеге байланыштуу алынганы айтылган. 

30 жаштагы Болоткан Баяке уулу буга чейин Чүйдүн Сокулук жана Оштун Кара-Суу райондорунун акимдеринин орун басары болуп иштеген.

Президенттин ушул эле күнү кол койгон тескемесине ылайык, Чоң-Алай районуна Мирбек Шамырканов аким болуп дайындалды. Бул кызматты ээлеп турган Темирболот Абыкеев өткөн аптада Кара-Сууга аким болуп барган. 

Мирбек Шамырканов Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагын жетектеген.

Автор: Т-Медиа > 353 статей