БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадамжай: администрациянын алдындагы Лениндин эстелиги алынды

Кадамжай: администрациянын алдындагы Лениндин эстелиги алынды

Сүрөт: Азамат Абсаттаров

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун администрациясынын алдындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги  28-ноябрда алынды. Анын ордуна кыргыз элинин улуу инсандарынын эстелиги тургузулат. 

 

Район башчысы Кутпидин Шакиров билдиргендей, Лениндин эстелигин башка жакка көчүрүү жергиликтүү калк, тарыхчылар жана аксакалдар менен кеңешип чечилген.

"Кадамжай районунан да көп улуу инсандар чыккан. Ошолордун эстелигин коёлу дедик. Анын үстүнө Лениндин эстелигинин эскилиги жетип, реконструкциялоого муктаж болуп калган", -деди ал.

Лениндин эстелигин Кадамжай сурма комбинатынын башкы имаратынын алдына орнотуу пландалууда. 

Владимир Ильич Лениндин эстелиги Ош шаарынын борбордук аянтында да бар. Бишкектин борбордук аянтындагы эстелик 2003-жылы эски аянтка жылдырылган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей