БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадамжайдагы келиндин өлүмү: жолдошу эки айга камалды

Кадамжайдагы келиндин өлүмү: жолдошу эки айга камалды

Сүрөт: Баткен ОИИБ

Кадамжайда 23 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип кармалган анын жолдошу 2-мартка чейин камалды. Мындай чечимди Баткен облустук соту 4-январда чыгарганын мекеменин басма сөз катчысы Замир Ормонов "Т-Медиага" билдирди.

Маалыматка караганда, соттук отурум айыпталуучу сүйлөй албагандыктан адистин катышуусунда өткөрүлгөн. 

Үстүбүздөгү жылдын 2-январында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Бул тууралуу 11-январда Баткен облустук милициясы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү аялы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө бара жатып уруша кетишип, жубайын муунткан. Аялы окуя болгон жерде каза болгон. Келиндин сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Окуя боюнча  Кылмыш Жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. 

Каза болгон келиндин угуу жана сүйлөөсү боюнча биринчи топтогу майыптыгы болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошунун да ушундай эле майыптыгы бар. Жубайлар алты жана үч жаштагы кыздарды тарбиялап келген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей