БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖАК: Кадыр Досоновдун каза болгону тууралуу маалыматтар жалган

ЖАК: Кадыр Досоновдун каза болгону тууралуу маалыматтар жалган

Кадыр Досонов

Жазаларды аткаруу кызматы "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов тергөө абагында каза болду делген маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы 9-январда "Т-Медиага" билдиргендей, Досонов ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин социалдык тармактарда "Женго" каза болду деген маалыматтар чыгып, талкууга алынган. 

Эске салсак: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Досоновду Оштогу СИЗОдон Бишкекке которуп жатканын 23-ноябрда парламентте билдирген. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октярбда УКМКнын Бишкектеги атайын операциясында өлтүрлгөндөн кийин бир катар крим чөйрөнүн өкүлөрдөрү соцтармактарда мыйзамга баш ийип жашарын, кримтөбөл болбой турганын билдиришкен. Алардын арасында Кадырбек Досонов да "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын айткан. 

Досонов жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгенин, андан кийин камакка алынганы айтылган.

Былтыр сентябрда Жогорку сот Досоновдун иши боюнча эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын кайра кароого жөнөткөн.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей