БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кайрадан нөшөрлөп жаан жаашы ыктымал

Кайрадан нөшөрлөп жаан жаашы ыктымал

Интернеттен алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 4-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын болушу мүмкүн.

4-6-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет агенттиги буга чейин май айында өлкө боюнча абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болорун маалымдаган. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан жогору болушу күтүлөт.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей