БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кактус медиа" "Вечерний Бишкектин" доосун төлөө үчүн элден акча чогулта баштады

"Кактус медиа" "Вечерний Бишкектин" доосун төлөө үчүн элден акча чогулта баштады

"Кактус медианын" логотиби

"Кактус медиа" басылмасы "Вечерний Бишкек" редакциясына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултууну (краудфандинг) баштаганын жарыялады. Маалыматта 21-февралда сот аткаруучулар редакцияга келгени жана сот чечимин аткарууну талап кылганы жазылган.

Редакция сот чечиминде көрсөтүлгөн төгүндөө текстин жарыялоого макулдук берген. Kaktus.media агенттигинин ээси болгон "ПроМедиа Плюс" коомдук фонду 100 миң сомду төгүп, калганын төлөө мөөнөтүн 1-майга чейин жылдырып турууну суранган.

Эске салсак: 2023-жылы 10-ноябрда Жогорку Сот "Вечерний Бишкек" жабык акционердик коомунун "Кактус медиа" басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, журналист Диля Юсупованы 100 миң сом, ал эми басылманын өзүнө 500 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

2022-жылы 29-декабрда "Кактус медиага" "Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти" деген макала жарыяланган."Вечерний Бишкек" бул макалада так эмес маалымат келтирилген деген негизде сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Былтыр майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. 4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Кийин Жогорку Сотко кассациялык арыз берилген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей