БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Калкты тейлөө борборлорунда кезектин жаңы системасы иштеп баштады

Калкты тейлөө борборлорунда кезектин жаңы системасы иштеп баштады

Интернеттен алынды

Бишкек жана Оштогу калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы иштей баштады. Буга байланыштуу убакытты онлайн режиминде брондогон Early One тиркемеси ишин токтотту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады. 

Маалыматка караганда, электрондук кезектин жаңы системасы этап-этабы менен ишке ашат. Биринчи этапта талондорду жеринде кызматкерлерден алууга болот. Андан кийин керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландалууда. 

Жыйынтыктоочу этапта система "Tunduk" тиркемеси менен интеграцияланат жана жарандар кезекке алдын ала жазыла алышат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей