БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот жообуна тартылган журналисттерди колдоо боюнча марафон башталды

Сот жообуна тартылган журналисттерди колдоо боюнча марафон башталды

Сүрөт: Жанайым Зарылбекова

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы камакка алынган журналисттерди колдоо максатында бүгүн, 15-октябрдан  «#ЧындыкҮчүн6Жыл» марафонун баштады. 

Бир жуманын ичинде редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, "Айт Айт Десе" жана "Алга Медиа" сыяктуу медиалардын негизги иликтөөлөрүн эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт.

"Бул флешмоб биздин жана эл аралык коомчулуктун журналисттерге каршы жасалган системалуу репрессияларга көңүлүн буруусуна багытталган. Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракет жарандарга журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин эске саларынан үмүт кылышат", -деп жазылат маалыматта. 

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту "Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыратканМындан тышкары "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева коюлган айыптар боюнча күнөөлү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулган.

Андан башка жети журналист "кылмыштын курамы жок" деген негизде акталышкан. Алар "Temirov Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков, журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиев.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январында Ички иштер министрлиги "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Аларга "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгон.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттерди 13-мартка чейин камакка алганКийин "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков да эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми 9-апрелде Биринчи май райондук соту Жоодар Бузумовду, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

26-сентябрдагы соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү болуп бүткөн. Анда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Журналисттер эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн, аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын, алар болгону кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин айтышкан. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлуп жаткан айыптар тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары туура эмес экенин белгилешкен. 

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей