БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камактагы 11 журналист тергөө абагына которулду

Камактагы 11 журналист тергөө абагына которулду

Сүрөт: Болот Темиров

Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан он бир журналист Бишкектин №1 тергөө абагына бүгүн, 29-январда которулду. Бул тууралуу "Политклиника" медиасына жактоочулардын бири Жаныш Бараков билдирди.

16-январда эрте менен кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай дагы деле милициянын убактылуу жайында кармалып турган. 

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголду.

Бирок журналисттер буга макул эмес. 

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук "Кабар" маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берип, камакка алынган 11 адамды "алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат" деп айткан.

Автор: Т-Медиа > 352 статей