БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камактагы журналисттер сотко алынып келинди

Камактагы журналисттер сотко алынып келинди

Сүрөт: Т-Медиа/ Максат Боромбаев

"Массалык башаламандыктар" беренеси менен камакка алынган журналисттер 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келинди. Алдын ала маалыматтарга караганда бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралат.

"Т-Медианын" кабарчысы жеринен билдиргендей, сотко "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызы, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, "Арча Медианын" (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевге жана "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек жана "Темиров LIVE" каналынын кызматкери Айке Бейшекеева алынып келинди. 

Мурдараак сот Сапар Акунбекоду үй камагына чыгарган.

Буга чейин Бишкек шаардык соту аларды 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырган.

Эске салсак, 16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.
Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей