БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камалган 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылуу жасады

Камалган 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылуу жасады

Сүрөт: Азаттык

Бишкекте он күн алдын жапырт кармалган 11 журналисттин жакындары бүгүн, 26-январда маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, кармалгандардын күнөөсү жок экендигин айтышты.

Мунун алдында чогулгандар маалымат жыйын алдын-ала макулдашылган "Парк отель" мейманкасында өтөрүн айтышкан. Бирок мейманкананын жетекчилиги "суу таамп жатат" деген негиз менен жыйын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Мындан улам журналисттердин жакындары маалымат жыйынды эшикте өткөрүүгө аргасыз болушту.

Эске салсак: 17-январдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин эки айга камоо чечимин чыгарган. Аларды милиция 16-январда эрте менен кармап кеткен. 

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Бирок журналисттер коюлган айыпка макул эмес. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей