БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчы Көлбаевдин иниси кызматын тапшырды

Камчы Көлбаевдин иниси кызматын тапшырды

Т-Медианын коллажы

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясынын жеткечилигинен кетти. Бул тууралуу дзюдо федерациясы билдирди.

Анын ордуна Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев дайындалды. Ал Парижде өтөт турган Олимп оюндарына чейин бул кызматты аркалайт. 

Маалыматка караганда, Жолдошбек Көлбаев өз каалоосу менен президенттик кызматтан кетип, 6-марта өткөн жыйында федерациянын башкаруу комитети анын арызын кабыл алган. Жолдошбек Көлбаев бул кызматка 2016-жылы шайланган. 2020-жылы экинчи жолу федерациянын президенти болгон.

Кубанычбек Конгантиев дзюдо жана самбо боюнча спорттун чебери, 10 жылдан бери ушул эле спорттук уюмдун вице-президенти болуп турган.

Эске салсак: "мыйзамдагы уруу" аталган кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей