БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ата-Журт" партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганы белгилүү болду

"Ата-Журт" партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганы белгилүү болду

"Т-Медианын" коллажы

"Ата-Журт" партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды.

Ташиевдин сөзүнө караганда, аталган партияны анын ысымы менен байланыштырышкандыктан ушундай чечимге барган.

"Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта отуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын", -деген ал.

Ал шайлоочуларды коррупция, криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерди тандоону сунуштап, добуш сатпоого чакырды. Ал эми "Ата-Журт" партиясынын 2021-жылдагы шайлоого катышкан себебин "ошол убакта чырм эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп шайлоого деле көңүл бурулган эмес"деп түшүндүрдү. 

Ушул жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү жатат. Себеби, быйыл өлкөдө административдик-аймактык чек аралар өзгөрүп, кээ бир аймактар биригип, айрымдары бөлүнгөн. Мындан улам жергиликтүү кеңештер да таркатылды. 

Президенттин 6-сентябрдагы жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайра шайлоо болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей