БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев: базар ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керек

Камчыбек Ташиев: базар ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керек

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ККМ колдонууга каршы болгон соодагерлердин нааразычылык акциялары боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Бул тууралуу Ташиев 6-октябрда атайын кызматтын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып билдирди. 

"Бирок соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көпчүлүк базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болуш керек. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат",-деген ал.

Мындан сырткары Ташиев чыгымчыл күчтөр бар экенин, аларды жакын арада мыйзам жүзүндө жоопкерчиликке тартыларын белгилеген. Мындан улам ал элди чагымчыларга алданбоого чакырды. 

Кыргызстанда 29-ноябрдан бери көпчүлүк ири базарлдарда соода кылгандар 1-январдан тарта жоюла турган патент системасын калтырууну талап кылып күн сайын митингге чыгып жатышат.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдогулар" менен жолугушууда базарларда иштегендерге 2024-жылдын 1-июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилгенин билдирди. Ал жаңы салык эрежелерине Салык кызматы өзү даяр эмес экенин белгиледи.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей