БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Бишкекте болгон окуя боюнча үн катты

Камчыбек Ташиев Бишкекте болгон окуя боюнча үн катты

Сүрөт: akipress.org

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 18-майга оогон түнү Бишкек шаарында болгон окуя боюнча билдирүү жасады. Ал видео кайрылуусунда топтолгондордун талабын айтты. 

Ташиевдин сөзүнө караганда, 17-майда кечке жуук Бишкекте ар кайсы саатта 8 -25 жашка чейинки 200дөн баштап, 500-700гө чейин жергиликтүү жарандар топтолгон. Алар Кыргызстанга башка мамлекеттен келип иштеген мигранттардын көбөйүп кетүүсүнө нааразычылык билдиришкен.  

"Бул Бангладеш, Пакистан Индия, Египет жана башка өлкөлөрдөн келип окуган студенттердин, алар кылган жумуштарынын өтө көп болуп кетишине байланыштуу болгон. Булардын (ред-топтолгондордун) талаптары кайсы бир деңгээлде туура деп эсептеймин. Көчүп келген мигранттардын көп болуп кеткенине байланыштуу биз өзүбүздүн чараларыбызды көрө баштаганбыз. Жакында эле президент жыйналыш өткөрүп, мамлекеттин ичинде мыйзамсыз жүргөн башка мамлекеттен келген ар бир мигранттын жоопкерчилигин кароо боюнча тапшырма берген. Ошонун негиинде апрель-май айларында өтө активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Күнүнө жок дегенде мыйзамсыз жүргөн 30-50 мигрантты таап, өлкөдөн чыгаруудабыз. Расмий статистикаларга таянсак, чет элдиктердин ичинде мыйзам бузууга баргандардын көбү Пакистандын жана Бангладештин жарандары болуп чыгууда. Мунун ичинен Пакистандан келген 1,5 миңдей адамды, Бангладештен келген миңдей адамды өз өлкөлөрүнө чыгардык. Бирок ошол эле маалда бүгүнкү күндө мыйзамды бузуп, мамлекетибиздин ичинде жүргөн 5 миңге жакын чет элдик мигрант бар. Ошондуктан бүгүндөн тартып аларга чара көрүү жумуштарын дагы да күчтөнтөбүз. Кечээ чыккан адамдардын талаптарын туура деп эсептейбиз. Бирок ошол эле учурда коомдук тартипти бузуу же болбосо мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүү маселелери карала турган болсо, анда мамлекет тараптан кайсы бир чаралар көрүлдү. Кечээ мамлекеттик органдар тарабынан бул адамдарга эч кандай чаралар көрүлгөн жок жана аларга эч кандай күч колдонулган жок. Себеби биз алардын мүнөзүн көрүп аттык. Алардын ичинде жаман түзүлүштөргө бара турган эч кандай ойлору болгон жок. Бирок ошолордун арасында кээ бир чагымчылдар болгонун билебиз жана алардын баарын тактап бүттүк. Курал менен жүргөндөр болду, аларды кармадык. Жоопко тартабыз". 

17-майда социалдык тармактарда Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктердин жатаканасынын жанына жүздөгөн киши топтолуп, "чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгон" деген маалыматтар тараган. Интернет колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.

Чогулгандар Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөргөн. Аларды милиция кызматкерлери курчап, 50дөй кишини кармап, кийин кайра кое берген. 18-майга оогон түнү чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги окуяда 29 адам жаракат алганын маалымдады. Жабыркагандардын дээрлик баары ооруканага жаткан эмес. Азыр Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө бир пакистандык жаран жатат. Ага "баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы" деген диагноз коюлду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бейтапка бүгүн операция жасалат.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей