БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Камчыбек Ташиев  Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Сүрөт: КФС

Кыргызстандын Футбол уюмунун 19-февралдагы кезексиз конгрессинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир добуштан Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Ал бул кызматты 2026-жылдын апрелине чейин ээлейт. 

Камчыбек Ташиев КФСтин президентигине жалгыз талапкер болгон. Аны "Талант" футболдук клубу сунуштаган.

31-январда өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агентигине маек берип, анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол федерациясын жетектөө сунушун бергенин айткан. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунан четтеп, 27-январда мекенине кайтып келгенден кийин, 29-январда федерация маалымат жыйынын өткөркөн. Анда уюмдун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеткенин жарыялаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей