БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев зомбулукка кабылган кыз-келиндер УКМКга кайрылса болорун айтты

Камчыбек Ташиев зомбулукка кабылган кыз-келиндер УКМКга кайрылса болорун айтты

Интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда жолдошунун ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келин боюнча үн катты. Ал зомбулукка кабылган кыз-келиндерди ар бир райондо жайгашкан атайын кызматтын кеңселерине кайрылууга чакырды.

"Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кенселерине кайрылыныздар. Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз. Эне бар, үй-бүлө бар, Мекенибиз болот",- деп жазган Ташиев. 

2-январда Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапканы кабарланган. Облустук милициянын маалыматына ылайык, шектүү аялы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө бара жатып уруша кетип, жубайын муунткан. Аялы окуя болгон жерде каза болгон. Келиндин сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Окуя боюнча  Кылмыш Жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 2-мартка чейин камалды. Маалыматка караганда, соттук отурум айыпталуучу сүйлөй албагандыктан адистин катышуусунда өткөрүлгөн. 

Каза болгон келиндин угуу жана сүйлөөсү боюнча биринчи топтогу майыптыгы болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошунун да ушундай эле майыптыгы бар. Жубайлар алты жана үч жаштагы кыздарды тарбиялап келген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей