БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөттү узартылды

Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөттү узартылды

Канатбек Исаев/Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөтү 27-январга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 2-декабрда чыгарды. 

Анын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүсү берген.

Канатбек Исаев Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" беренеси менен айыпталып, 20-ноябрда камалганОктябрь райондук соту саясатчынын бөгөт чарасын 22-ноябрда карап, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алган.

УКМК экс-депутаттын кармалышы боюнча комментарий бере элек. 

2022-жылы октябрь айында Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу камакка алынган. Ошол маалда Октябрь райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

Исаев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала