БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Kanberry PTY" Кыргызстанда жаңы акча которуу системасы катталды

"Kanberry PTY" Кыргызстанда жаңы акча которуу системасы катталды

Сүрөт: Улуттук банк

Кыргызстандын эл аралык акча которуулар системасынын реестринде “Kanberry PTY”  жаңы акча которуу системасы катталды.

Маалыматка караганда, “Kanberry PTY” Улуттук банктын катоо жол-жобосунан 25-декабрда өткөн. Аталган акча которуу системасынын баш кеңсеси Австралияда жайгашкан.

Учурда "Кыргызстандын эл аралык акча которуу системаларынын реестринде" 17 компания каттоодо турат. 2023-жылы реестрге Kanberry PTY компаниясынан тышкары дагы үч орусиялык оператор кошулган.

Улуттук банктын маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда эл аралык акча которуулар системалары аркылуу 165 млрд сомдон ашуун акча которулган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей