БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Туманбаев: "Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок"

Туманбаев: "Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок"

Сүрөт интернеттен алынды

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеп маянабызды ала албай жатабыз" деп видео кайрылуу айтып чыккандар боюнча комментарий берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, курулуш боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жоктугун белгиледи. Мындан сырткары видео кайрылууда сөз болуп жаткан компания менен иштешпегенин кошумчалаган. 

"Интернетте арызданган жумушчулар тууралуу видео кайрылууну мен дагы көрдүм. Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, "Делюкс групп" деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрячы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок", - деди Каныбек Туманбаев.

29-августта Ак үйдүн курулушунда иштегенин айткан отуздай адам июль айынан бери айлык ала албай жатканын айтып чыккан. Алар субподрядчы "Делюкс групп" компаниясы менен 150 адам келишим түзүп жумушка алынганын билдиришкен.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында "Делюкс групп" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору катары Эким Елена Павловна көрсөтүлгөн. Компания турак жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет. 

Жаңы Ак үйдүн ачылуу аземи бүгүн, 30-августта болот. Курулушу былтыр жазында башталган. Ал Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын жанындагы эски "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулду. Имарат президент соцтармакта өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Ынтымак-Ордо" деп аталган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей