БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Т-Медианын коллажы

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 28-майдагы буйругу менен Алтынбек Пирматов Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Ал эми мекеменин мурдагы башчысы Канышай Имарова Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчилигине барды. Бул ишкананы Алтынбек Пирматов башкарып келаткан.

Канышай Имарова Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызматына 2023-жылы мартта дайындалган. 

Буга чейин Ош шаардык прокуратурасы жаңы сатып алынган төрт эвакуатор боюнча иш козгоп, Имарова Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык" боюнча күнөөлүү деп табылган. Шаардык соттун чечими менен ал 1 миллион 100 миң сом айыпка жыгылган. 

Алтынбек Пирматовго да 2022-жылы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. Башкы прокуратура ал Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду "мыйзамсыз бузуу" тууралуу иштин алкагында кармалганын маалымдаган. Кийин Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей