БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Канышай Имарова кызматтан бошотулду

Ош: Канышай Имарова кызматтан бошотулду

Сүрөт интернеттен алынды

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова кызматтан алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Бакытбек Жетигенов 27-августта кол койгонун "Т-Медиага" мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Имарова кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган. Себеби азырынча айтылган жок. 

Канышай Имаровага ушул жылдын май айында Ош шаардык прокуратурасы жаңы сатып алынган төрт эвакуатор боюнча иш козгогон. Кийин шаардык сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык" боюнча күнөөлүү деп таап, 1 миллион 100 миң сом айып салган. 28-августта облустук сот шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Имарова бул кызматка ушул жылдын май айында дайындалган. Ага чейин Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп турган.

Былтыр Ош шаардык мэриясы 18 млн 800 миң сомго төрт эвакуатор сатып алган. Тендерден "Планета Групп" компаниясы утуп, анын ар бирин 4 млн 700 миң сомго сатып алган. Эвакуаторлор беш күн ишке чыгып, бирок жүк көтөрүүчү краны талапка жооп бербей коопсуздуктан улам токтотулган. "Т-Медиа" сынак өткөрүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам бузулганын иликтеген. 

Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы башкармалыктын башчысынын орун басары Курсантбек Матиевге жана тендерден утуп чыккан компаниянын өкүлүнө "Коруппция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей