БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кар жаап жатат. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына элек

Кар жаап жатат. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына элек

Видеодон скриншот алынды

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Мындан улам "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө алына элек. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө. Ал эми Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында да ушундай элежумуштар жүрүп жатат, жол ачык. Бул тууралуу 7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жатат. Каттам бар.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Азыркы тапта кардын калыңдыгы 15-20 сантиметрге жеткен.

Буга чейин Кыргызгидромет кызматы 7-ноябрга караган түнү мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашын эскерткен. Ал эми ӨКМ 5-8-ноябрда өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам жаратылыш кырсыктары болушу ыктымалдыгын маалымдаган. 

Автор: Т-Медиа > 390 макала