БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Кулжада үч тоо эчки атылганы белгилүү болду

Кара-Кулжада үч тоо эчки атылганы  белгилүү болду

Сүрөт: NABU-Кыргызстан уюму

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында тоо эчкиге мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды. Коруктан үч кийиктин башы жана алардын терилери табылган. Бирок жаныбарларды мыйзамсыз атууга шектүүлөр кармала электигин NABU-Кыргызстан уюму билдирди.


Маалым болгондой, тоо эчкилерге аңчылык кылгандар боюнча жергиликтүү активисттер билдирген. Анын алкагында Араван жана Кара-Кулжа райондорунун егерлери жана аңчы адистери менен биргеликте пландан сырткары рейд жүргүзүлгөн.

Аталган факт боюнча акт түзүлүп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Башкармалык табылган бул материалдарды “Барс-2” тобунун кызматкерлери менен биргеликте атайын экспертизага тапшырды.


NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери буга чейин Кара-Суу районундагы Папан, Ата-Мерек, Кыркол, Кожокелең, Жиптик жайлоолоруна жана Ноокат районунун Бел-Өрүк аймактарына райондук аңчы адистер менен биргеликте рейд жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары катталган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей