БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Кулжада сел унааны агызып, төрт кишинин сөөгү табылды

Кара-Кулжада сел унааны агызып, төрт кишинин сөөгү табылды

Сүрөт: Ош облустук милициясы

30-июндун кечинде жүргөн сел Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында төрт кишини өмүрүн алды. Учурда төрт жашар бала изделип жатат. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгы "Т-Медиага" билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, 30-июнь күнү 20:00 чамасында Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде катуу жамгыр жааган. 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны сел агызып кеткен. Унаада беш адам болгон - 36 жаштагы эркек киши, анын 34 жаштагы аялы, алардын 12, төрт жаштагы уулдары жана сегиз жаштагы кызы. Окуя болгон учурда киши кызын сактап калууга жетишкен. Кийин калгандарын куткарууга аракет кылган, бирок сел аны кошо агызып кеткен.

Үй-бүлөнүн кожоюну милиция кызматкери болгон. Ош облустук милициясы маркум ИИМдин Күзѳт кызматында иштеп келгенин кошумчалады.

28-июнда Ноокат районунда катуу сел жүрүп, тогуз киши каза болгон. Районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей