БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу: 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелүүдө

Кара-Суу: 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 25-декабрда Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шектүү Тик Ток аркылуу тараткан видеодо улуттар аралык кастыкты козутуучу мазмун бар деген бүтүмдү атайын дайындалган экспертиза чыгарган. Жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран милициянын тергөө абагына камалды.

Автор: Т-Медиа > 354 статей