БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда базар башчы "мыйзамсыз акча чогулткан" деген шек менен кармалды

Кара-Сууда базар башчы "мыйзамсыз акча чогулткан" деген шек менен кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Оштогу Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан "Жээнбеков" базарынын директору УКМК тарабынан кармалды.

Атайын кызматтын 26-январда тараткан маалыматына караганда, базар башчы кызмат абалынан пайдаланып, "контейнерди бузуп салам" деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң АКШ долларына чейин акча алып турган.

"Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан. Ал талап кылынган 5000 доллар акча каражатын которгондон кийин базар башчы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тинтүү учурунда жашаган жеринен 135 миң 600 АКШ доллары, 1 млн. 113 миң 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар, Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган "Рейндж Ровер" унаасы табылды",- деп айтылат маалымтта.

УКМК ишкерлерден мыйзамсыз жыйымдарды чогулткандарды аныктоо иштерин улантып жатканын кошумчалады. 

Базар башчынын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей