БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадрдык өзгөрүү: Кара-Суу менен Ноокатка жаңы аким келди

Кадрдык өзгөрүү: Кара-Суу менен Ноокатка жаңы аким келди

Т-Медианын коллажы

Жакыпбек Субагожоев Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, ордуна Темирболот Абыкеев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 7-декабрда кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматты кабарлады.

 

Темирболот Абыкеев буга чейин Чоң-Алай районун акими болуп иштеген. Бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Ал эми Жакыпбек Субагожоев Ноокат районуна аким болуп дайындалды. Ал Кара-Сууга жетекчи болуп быйыл апрелде келген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей