БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда мыйзамсыз курулган курулуштар сүрдүрүлдү

Кара-Сууда мыйзамсыз курулган курулуштар сүрдүрүлдү

Сүрөт: Т-Медиа/ Зыягүл Болот кызы

Бүгүн, 6-декабрда Ош облусунунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз салынган эки үйдүн пайдубалы, үч үй жана бир тосмо буздурулду. Мындан эки жыл мурун айыл өкмөт тарабынан жеке жарандын үлүш жери чек катары сатылып кеткенин "Т-Медиа" иликтеп чыккан. Кийин сот иштери жылып отуруп, Жогорку сот курулуштар мыйзамсыз деген жүйөө менен ал жерди мурдагы калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарган.

2018-жылы Махмуджан Сулаймановго жана атасына тиешелүү 64 сотых үлүш жер Шарк айыл өкмөтүндөгү кызматкерлер тарабынан 15 адамга сатылып кеткен. Ал жерге бир канча үй курулуп учурда жарандар да отурукташып калышкан. Жогорку сот Сулаймановдун пайдасына чечим чыгарып, жергилүктүүлөр өздөрүнүн эсебинен үйлөрүн бузушу керек болгон. Бирок жарандар аны аткарбагандыктан бүгүн ал жердеги мыйзамсыз курулуштар мажбур түрүндө сүрдүрүлүүдө. 

Шарктагы жерлерди сатууда Хусанбай Мусаевдин аты бир канча ирет аталган. Ал айылдык кеңеште депутат. Ал жерди ал эмес, айыл өкмөт сатканын айтып, жердин ээси Махмуджан Сулайманов өзү саткан дейт.

"Айыл өкмөттүн башчысы адамдарга берген. Жерди ээлери саткан. Ага-ини Сулаймановдор өз-ара келишпей калып, ушул ишти кылып жатышат. Он жылдан бери соттошуп жүрүшөт. Мен болгону жарандар менен сүйлөшүп, акчасын алып бергенмин". 

Мыйзамсыз делген курулуштар буздурулуп жатканда Дилмурат Сулайманов аттуу жаран келип, жер ага тиешелүү экенин айтып, бузуу мыйзамсыз жүрүп жатат деп билдирди. Ал Махмуджан Сулаймановдун бир тууган иниси. Эки бир туугандын ортосунда буга чейин да келишпестик болуп, жер талашып келишкен.

"Негизи бул жер меники. 2005-жылы акем экөөбүздүн жерди алмаштырып каттап алышкан. Мен муну далилдеп да берем. Айыл өкмөттөн келип "ушул жеринди алмаштыралы, сага башка жер берели" дегенде макул болгонмун. Айыл өкмөт жерди алгандан кийин чек кылып берем деген. Ал жагын өзү билет. Азыр булар мага тиешелүү жердеги курулуштарды мыйзамсыз бузуп жатышат. Мен да сотко кайрылам", -дейт Сулайманов.

"Т-Медианын" 2021-жылдын башында чыгарган иликтөөсүндө айыл өкмөт башчы жерди сатканын мойнуна алып, журналисттерге акча сунуштаган. Иликтөөдөн кийин ал кармалып, бирок кийин бошотулган. Махмуджан Сулайманов жерди саткан бир адам да жаза албаганын айтып берди. Кылмыштык иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен, иш кыскарып кеткенине нааразы. Ал өзү дагы жерди айыл өкмөттөн сатып алган жарандарда жабырлануучу экенин айтат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей