БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суудан шайлоого айыл өкмөт башчылар, жеке ишкерлер, дарыгер, укук коргоо кызматкерлери аттанды

Кара-Суудан шайлоого айыл өкмөт башчылар, жеке ишкерлер, дарыгер, укук коргоо кызматкерлери аттанды

"Т-Медианын" коллажы

Кара-Суу бир мандаттуу округунан 11 талапкер парламенттик шайлоого аттанды. Алардын арасында мурдагы министрлердин, депутаттардын жакындары, айыл башчылар, жеке ишкерлер бар.

 

Амирбек Жунусов — кесиби юрист. 2021-жылга чейин Ош облустук сотунда сот отурумунун катчысы, жардамчысы, сот аткаруучу болуп иштеген. Андан кийин Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнө башчы болуп, былтыр кызматтан кеткен. Жунусов Кара-Суудагы эң ири "Туратали" базарынын мурдагы директору Абдалим Жунусовдун уулумурдагы вице-премьер министр Ибрагим Жунусовдун тууганы.

Турдубек Орунбаев — БШКнын сайтында жеке ишкер катары катталган. Кесиби - юрист. Юстиция министрлиги ал "Күч биримдикте" саясий партиясын негиздегендердин бири экенин маалымдайт. 2021-жылы апрель айында өткөн Ош шаардык кеңешине шайлоого "Ынтымак"партиясынан ат салышкан.

Руслан Маматов 2021-жылдан тарта Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган. Бул кызматтан быйыл марттын башында кеткен. 

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоодон кийинки баш-аламандыкта Кара-Суу мамлекеттик администрациясына белгисиз жарандар бастырып кирип, ошол убактагы аким Тилек Матраимовдун ордуна башка бирөөнү отургузушкан. Жергиликтүү басылмалар ал Руслан Маматов экенин жазып чыгышкан.  Бирок кийин кайра ордун бошотуп берген.

Сталбек Ажимаматов  — "Евразия Строй Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. Ал 2017-2019-жылдары Нариман айыл өкмөтүндө эмгектенген. 

Бакир Бакытбек  — экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун бир тууган иниси. Ал 2021-жылы парламенттик шайлоого ушул эле округдан талапкерлигин койгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, ал Жогорку Кеңеште беш жыл юрист, кеңешчи болуп иштеген.

Толкун Эргешов — Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча региондор аралык башкармалыгы мекемесинин жетекчиси. Эргешов 2021-жылы да Жогорку Кеңешке шайлоого Кара-Суу округунан ат салышкан. 

Раимжан Курбанов — "Кыргыз тили" коомунун президенти

Рустам Мамазакиров — Мамазакиров учурда "М Булак" микрокредиттик компанияда регионалдык менеджер кызматын аркалайт. Ал 2016-2017-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болгон.  Ачык булактарда анын Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштегеги тууралуу маалымат бар

Ганишер Бадалов — жеке ишкер. Башка топторго киргизилбеген башка жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун иши менен алектенген "Артур ЛТД" жана жүк ташуучу автоунаалар кызматын көрсөткөн "Аскат ЛТД"  компанияларынын ээси.

2022-2023-жылдары Элдик курултайдын делегаты болгон. Былтыр Ошто уурулукка шек саналгандардын жакындары басма сөз жыйынын өткөрүп, анын үстүнөн даттанышкан. Алар жабырлануучу жеке ишкер Ганишер Бадалов башында 48 миң сом зыян тартканын айтып, азыр 29 миллион сом зыяндын оордун толтуруп берүүнү талап кылып жатканын айтышкан.

Илимбек Кубанычбеков — кесиби боюнча врач-ортодонт. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты жана Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы. 

2020-жылдагы парламенттик шайлоого ал "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде катышкан. Анын атында "Кара-Суу биримдиги" коомдук фонду бар. 

Дамирбек Давлянов  — БШКнын маалыматы ылайык, учурда пенсионер. 2022-жылы Бишкектин Биринчи Май округунан шайлоого арыз берип, бирок кийин кайтарып алган.  

Ачык булактарда Давлянов Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери экени тууралуу маалыматтар бар. Ишмердүүлүгүн 2007-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнөн баштаган. Ушул эле тармакта бир канча жетекчилик кызматты аркалап жүрүп,  2018-жылы ИИМдин запастагы курамына жөнөтүлгөн.

2021-жылы парламенттик шайлоого "Эл үмүтү" саясий партиясынын тизмесинде катышкан. "ПолитКлиника" басылмасы жумушсуз деп көрсөтүлгөн Дамирбек Давлянов партиянын шайлоо фондуна 1 миллион 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын которгонун жазган. 2017-жылдын 19-ноябрында vesti.kg сайты Дамирбек Давляновду ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалганын өздүк булагына таянып жазган. Бирок бул маалымат далилденген эмес. 

Эске салсак: 28-апрелде №9 Кара-Суу бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимовду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан. Ал 2021-жылы аталган округдан Жогорку Кеңешке шайланып келген. 

Январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган. Андан кийин Матраимов менен байланышы бар депутаттар мандатынан ажыратылган.

Автор: Т-Медиа > 347 статей