БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды

Сүрөт: УКМК

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК 12-декабрда билдирди. 

Маалыматка караганда, кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу)  менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан да аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей