БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кара-Суунун тургуну айыл өкмөт ижарадагы жерин сатып жибергенин айтууда

Кара-Суунун тургуну айыл өкмөт ижарадагы жерин сатып жибергенин айтууда

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылынын тургуну Низамидин Маатов ижарага алып иштетип жүргөн жеринин 15 сотыхын  айыл өкмөт  аукцион аркылуу сатып жибергенин айтып чыкты. Ал үлүшүнүн эч кимге айтылбай сатылганына нааразы болууда.

Маатов беш гектардан ашуун жерди 1999-жылдан бери ижарага алып иштетип келген. Быйыл ага белгисиз жарандар жерди сатып алышканын айтып, үлүшүнүн бир четин тосуп алышкан. 

«Бул жерди бир ай мурун бейтааныш эле киши келип тосо баштады. Мен документтеримди көрсөттүм. »Тоспоңуз бул жерди мен иштетип жатам. Бир жер эки адамга берилбейт« десем укпады. »Мен сатып алганмын« деди».

Маатовдун айтымына караганда, 15 сотых тилке 2021-жылы болгону 153 миң сомго аукцион аркылуу сатылыптыр. Ал анын атындагы ижара келишими 2026-жылга чейин күчүндө турганына карабай, айыл өкмөт эч кимге билдирбей сатканына нааразы. Ошол кезде азыркы Ала-Тоо айыл өкмөтүн Абдирасил Батиров жетектеп турган.

«Арыз менен айыл өкмөткө көп кайрылдык. Алар утуру алмаша берди го. Барсак »эртең кел, кийинки күнү кел«дейт. Бул жерди айтса мен өзүм аукционго катышып алат элем. Бир жерди эки адамга сатып атышпайбы», -дейт ал.

Ал эми айыл өкмөт болсо ижарадагы жердин четиндеги насостук станцияны сатышканын айтууда.

«16 сотых насостук станцияга тиешелүү жер болгон. Тиешелүү жердин корутундусу бар. Анын негизинде 16 сотых башка, 6 гектар жер башка турат. Болгону жанаша жайгашкан. Ал жерди айыл өкмөт аукционго коюп сатканы туура»,-дейт Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси Алмаз Динбааев.

Динбаев насостук станциянын жер аянты канча сотых экенин, үч жыл мурдагы жерди баалоочулардын корутундусун көрсөтүп бере алган жок. 

Ошол учурда аукционго үч жаран катышкан. Учурдагы ээси деп айтылган Улук Темирканов Кара-Суу райондук прокуратурасын арыз менен кайрылып, жер талашка түшкөндүгүн билдирген. Райондук прокуратура жер тилке мыйзамдуу же мыйзамсыз сатылганын текшербейт. Жөн гана ижара жер менен насостук станциянын жерин кандай жайгашканын териштирерин билдиришти.

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей