БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу районунун пара алууга шектелген акими кызматтан алынды

Кара-Суу районунун пара алууга шектелген акими кызматтан алынды

Темирболот Абыкеев/ Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Суу  районунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу 12-августта Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Район акими кызматына Канат Табалдиев келди. 

Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин Чоң-Алай районун жетектеп турган. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 26-июлда Абыкеев көп суммада пара алууга шек саналып жатканын билдирген. Атайын кызмат Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө Абыкеевдин катышы бар экенин кабарлаган.

Ош шаардык соту 23-июлда Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасын карап, аны тилкат менен бошоткон. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 327 статей