БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу: Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Кара-Суу: Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Сүрөт: Turmush

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Акимов кармалганын бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, 9-декабрда райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

Акимовдун кармалышы боюнча анын жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Мурат Акимов үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Ага чейин айылдык кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле аталган айыл өкмөттө жер адиси болуп иштеген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей