БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

УКМК: Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

УКМК тараткан сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар (криптовалютаны өндүрүү) аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-майда кабарлады. 

Атайын кызматтын маалымдашынча, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" боюнча "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган.

Майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөмдөрдү төлөбөй криптовалюта өндүрүшүн уюштурганы айтылды. Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө 31 майнинг-ферма каттоодон өткөнүн, бүгүнкү күндө анын сегизи иштеп жатканын маалымдаган. Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, 2023-жылы бюджетке майнингден 93 млн 730,8 миң сом салык түшкөн.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей