БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кара-Сууда 242 млн сомдук жер тилке мамлекетке өттү

Кара-Сууда 242 млн сомдук жер тилке мамлекетке өттү

Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратура Кара-Суу бекетинин 242 млн 50 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылганын маалымдады. Участок «Кыргыз темир жолу» ишканасына карачу. 

Прокуратуранын маалыматына караганда, жер тилке 10 443,5 м2 түзөт. Анын укук тастыктоочу документи жок болгондуктан мамлекетке өткөрүлбөй келген. 

Аталган мыйзам бузуучулуктарга карата “Кыргыз темир жолу” УК” МИ Түштүк бөлүмүнүн башчысынын наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирилди. Аны кароонун жыйынтыгында жер тилке мамлекеттин менчигине каттоого алынды”, -деп жазылат маалыматта. 

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей