БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда беш жашар кызды зордуктоого шектелген тургун өмүр бою эркинен ажыратылды

Кара-Сууда беш жашар кызды зордуктоого шектелген тургун өмүр бою эркинен ажыратылды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облусунун Кара-Суу районунда беш жашар кызды үйүнөн уурдап, зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" бүгүн, 15-августа Ош облусттук соттон билдирди.

Бул окуя боюнча чечим 14-августта чыккан. Айыпталуучунун мүлкү конфикацияланып, "Турак жай кол тийбестигин бузуу" беренеси боюнча бир жылга, "Адамды уурдоо" беренеси боюнча 10 жылга жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратылат. 

Ал жазасын өзгөчө тартиптептеги абакта өтөйт.  

Кара-Сууда беш жашар кызды зордуктоого шектелген тургундун кармалганы тууралуу 2024-жылдын апрель айында белгилүү болгон. Күбөлөр шектүү, кызды таң эрте үйүнөн алып чыгып, айылдын четинде зордуктаганын айтышкан. 

Окуядан кийин жабырлануучу жашагын аймактын жүздөй тургуну айылдагы маданият үйүнө топтолушуп, "аймактык милиция окуядан кабардар болсо да, кеч аракет кылган" деп нааразы болушкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей