БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы жана тез жардам бөлүмү ачылды

Кара-Сууда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы жана тез жардам бөлүмү ачылды

Сүрөт: интернеттен алынды

Кара-Сууда мамлекеттик дарыкана жана аймактык оорукананын тез жардам бөлүмүнүн имараты ачылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Оорукананын жаңы имаратынын курулушу 2021-жылы башталган. Курулушка 32 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Акча оорукананын атайын эсебинен жана бюджетти үнөмдөөнүн аркасында ишке ашканын айтышат. Жаңы имаратты куруунун максаты бейтаптарга ыкчам жардам көрсөтүү көздөлгөн. Бул үчүн УДИ, ЭКГ аппараттары, гастроскопия сыяктуу бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Ачылуу аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал тез жардам бөлүмүнүн ачылып жатканына басым жасап, аны менен жарандарга 48 саат бою медициналык жардам көрсөтүлөрүн белгилеген. Мындан сырткары мамлекеттик дарыканада арзан дарылар сатыларын кошумчалады.

" Мамлекеттик аптекалар ачылганда 800гө жакын дары-дармектердин түрү болсо, учурда алардын саны 1500гө жетти. Быйыл калкты дары-дармек менен камсыз кылуу максатында республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын аймагында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачуу иштери уланат", - деди Бейшеналиев.

Эске салсак, Кара-Суу районунун аймактык ооруканасы райондогу 460 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөтөт. Ал эми мамлекеттик дарыкана өткөн жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларында ачылган.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей