БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кара-Сууда курал-жарак сакталган жай табылды
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жим айылынын аймагында курал-жарак сакталган атайын жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 16-ноябрда билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал жерден 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана 5 калибрдеги патрондор, кара беткап,1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап табылган.
“ 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган”-деп маалымдаган УКМК.
Учурда табылган курал-жарактарга жана сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоо ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat