БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда соодагерлер жеке менчик базар ээсине нааразычылык билдирип чыгышты

Кара-Сууда соодагерлер жеке менчик базар ээсине нааразычылык билдирип чыгышты

Сүрөт: "Т-Медиа"

28-ноябрда Кара-Суу базарындагы соодагерлер жер ээси Лунара Батыровага нааразычылыгын айтып чыгышты. Алар соода түйүндөрдөн келишим түзбөй эле акча талап кылып жататканын айтышууда. Айрымдары Батыровага каражат которуп беришкенин кошумчалады. 

 

Кыздаркан Токтосунова Кара-Суу базарында бир канча жылдан бери соода-сатык менен алектенип келет. Ал соода түйүнүн иштетип келе жатканына он жылдан ашкан. Андан жер ээси Лунара Батырова контейнерди алып чыгып кетишин же болбосо 330 миң сом беришин талап кылган. 

"Күндө келип коркутуп, мөөр басып жаап, "силер менен иштешпейм"дейт. Адвакаты келип "келишим түзгүлө" дейт. Акыры анан биз да тынч иштейли деп 330 миңди берсек, беш жылга деп бир жылга берип койду", -дейт ал.

Базар ээсине нааразы болгон соодагерлердин дагы бири Сабырали Жунусбаев райондук соттон ага билдирүү келгенинин айтат. Айтымында, Батырова андан миң доллар талап кылган. Жунусбаев эки тараптуу келишимдер түзүлбөгөнүн айтып, каалаган учурда каражат сурайт дейт. 

"Бизден дайым акча жыйнап кетип турган Сагын деген бала бар. Ал Ошо келип "500 сом бересиңер" деди. Кийин талашып-тартышып жатып "300сомдон бергиле, болбосо 4000 сом ижара бересиңер" деди. Анан 3500 сомго токтолгонбуз. Бирок ал да айткан "акча бербесеңер соода кылган жериңерди мөөр басып жаап салабыз" деген".

Соодагерлер жер ээси менен туруктуу келишим түзүүгө кызыктар. Нааразы тарап ишти мыйзамдуу чечүү максатында жактоочу жалдаган. Алардын адвокатынын айтымында, 24 сотых жер Лунара Батыровага атасы аркылуу өткөн. Анын атасы Аким Батыров 2003-жылы Сарай айыл өкмөтүн жетектеп турган. Ошол кезде 316 миң сомго Акылбек Султанов аттуу жаранга сатылган. Жактоочу Лунара Батырова жердин үчүнчү ээси экенин билдирди.

Лунара Батырова базардагы 24 сотых жерге ээлик кылат. Аны менен байланышуу аракетибизден жыйынтык болгон жок. Анын тарапташтары соодагерлердин айткандарын четке кагышты. Бирок толук комментарий берген жок.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей