БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда төрт жаран иске ууланып каза болду

Кара-Сууда төрт жаран иске ууланып каза болду

Интернеттен алынды

Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында бир үй-бүлөдө төрт адам иске ууланып каза болду. Окуя 3-мартта болгонун "Т-Медиага" Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

"Алар уктап жаткан учурда мештен ис чыгып 31, 6, 3 жана 7 жаштагы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү ууланып каза тапкан. Каза болгондордун туугандары арыз жазуудан жана сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүлүп, акт түзүлүп, жакындарына ѳткѳрүлүп берилди", -деп билдирди мекеме. 

Кышкысын иске ууланып же электр жылыткычынан чыккан өрттөн каза болгондор Кыргызстанда буга чейин да катталып келген. Былтыр январда Оштун Жапалак айыл аймагында 30 жаштагы келин үч баласы менен иске ууланып набыт болгон. Балдарынын улуусу 10 жашта, андан кийинки кызы тогуз, ал эми кичүү баласы төрт жашта экени айтылган. Окуя жүз берген учурда келиндин күйөөсү жумушта болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей