БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда жана Өзгөндө эки жаңы мектеп ачылды

Кара-Сууда жана Өзгөндө эки жаңы мектеп ачылды

Сүрөт: Министрлер кабинети

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында 225 орундуу, эки кабаттуу мектеп имаратынын курулушу аяктап, 10-декабрда пайдаланууга берилди. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуу корпусу 83 млн сомго салынды.

Мектепте спорт зал, 75 орундуу залы, ашканасы менен кошо кыздар үчүн кийим тигүүчү машиналар, балдар үчүн кол эмгек сабагынан станоктор орнотулган кабинеттер бар. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. 

" Ушул мектептин курулушу титулга кирип жатканда адистердин айтканы эсимде: "тамчы тамып жатат, электр зымдары чирип калган, айла жоктон окуп жатышат, балдардын өмүрүнө абдан кооптуу, өтө авариялык абалда" деп чырылдап айтышкандары эсимде. Бүгүн мына жаркырап эки кабаттуу болуп заманбап мектепке айланып отурат. Мектептин жаңы имараты гана эмес, бизге мектептин Чыңгыз Айтматов айткандай, "Таланттуу мугалим менен таланттуу балдардын кездешкен жери – мектеп" болгону абдан маанилүү", -деп сүйлөгөн Акылбек Жапаров.

Ошондой эле 9-декабрда Өзгөн районунун 15 Жаш  айылында 150 орундуу мектеп ачылды. Жаңы окуу корпусунун ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, балдардын билим алуусу үчүн эми толук шарттар түзүлгөнүн билдирди. Мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 72 млн сом берилген.

"Ысык-муздак суусу ашканада, спорт залдын жанындагы душта да чыгат жана ашканасында муздаткыч, заманбап печкалар орнотулду. Эми концерт койгон чоң залыңар бар. Парталар жаңы, баары комплект болду. Мамлекет билим берүү тармагына  толук кандуу шарттарды түзүп жатат. Эми мугалимдер балдардын таланттын ачууга болгон аракетин жумшоосу керек", - деген ал.

Жапаров 2023-2024-жылдары Кыргызстан боюнча 205 мектеп курулуп, жыл аягына чейин анын 111и пайдаланууга берилерин кошумчалады. 

 

Автор: Т-Медиа > 355 статей