БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда жаранды 4,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Кара-Сууда жаранды 4,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Сүрөт: Ош облусттук ички иштер башкармалыгы

Ош облустук милициясы Баткендин тургуну жүк ташуучу автоунааны сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалып, камакка алынганын маалымдады. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду.  

Маалыматка караганда, 4-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Чоң-Алай районунун тургуну арыз менен кайрылган.

"Анда "Сайит" аттуу жаран анын ишеничине кирип, ага таандык болгон "Volvo FH"  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын "Gen Trail TX34" үлгүсүндөгү прицебин алдоо жолу менен алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган жаран кармалды. Жабырлануучуга келтирилген зыян болжол менен 4 миллион 490 миң сомду түзөт", -деп  айтылат маалыматта.

Милиция учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо аракеттери уланып жатканын кошумчалады.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей