БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда жер адиси пара берүүгө шектелүүдө

Кара-Сууда жер адиси пара берүүгө шектелүүдө

УКМК тараткан сүрөт

Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жер адиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 8-июлда кабарлады. 

Маалыматка ылайык, анын жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Териштирүүнүн натыйжасында тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында  УКМК кызматкерине 5 миң доллар, 691 миң сом жана 5 миң  рубль пара сунуштаган”, -деп айтылат билдирүүдө.


УКМК жер адиси Ал аталган каражатты берүү учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кармалганын кошумчалады. Шектүү атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей