БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суудагы №8 Абдураим Кулботоев атындагы орто мектеп 9 жылдан бери авариялык абалда турат

Кара-Суудагы №8 Абдураим Кулботоев атындагы орто мектеп 9 жылдан бери авариялык абалда турат

№8 Абдураим Кулботоев атындагы орто мектеп

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айлы өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы Абдураим Кулботоев атындагы орто мектептин шыптары ийилип, суу өтүп, дубалдары урап авариялык абалга кептелди.

Аталган мектеп директору Гулзида Дадабаеванын айтымына караганда, мектептин азыркы имаратты 1963-1965- жылдары курулуп, жибек куртун багуу үчүн иштетилип турган. Андай кийин мектеп катары  пайдаланууга берилген. Ошондон бери мектеп эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 

Мектептин дубалдары ажырап кеткен, кышында зорго чыгабыз. Мектепте окуучулар көп, айылда бала бакча жок болгондуктан эки даярдоо классыбыз менен балдар үч нөөмөтө билим алышууда”,-дейт Гулзида Дадабаева.

Гулзида Дадабаева билим уясын "авариялык абалда" деп Экотех инспекциясы 2015-жылы акт түзгөндүгүн билдирип, быйыл авариялык абалда тургандыгы боюнча актты кайрадан алгандыгын айтууда. 

Ошондой эле мектептин спорт залы, ашканасы, жыйындар залы жок. Имарат 200 балага ылайыкташканы менен учурда 526 окуучу, үч нөөмөттө окушат. 

Мектеп жетекчиси Дадабаева тишелүү бардык мекемелерге кайрылган. Ал 2023-жылы айыл өкмөт тарабынан жер бөлүнгөнүн айтып, бирок азыр жаңы мектептин курулуш качан башталары белгисиз дейт. 

“Бардык эле жерге кайрылуудабыз. УКСга кайрылсам биздин мектеп биринчи квотага кирбей калыптыр. Эми качан кирет, качан башталат белгисиз"-дейт Гулзида Дадабаева.

Шерали айылы райондун борборунан  30км алыста турат. Айылды  461 кожолукта 3041 калк жашайт. Айылда бир мектеп, бир ФАП бар. Бала бакча жок. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей