БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суудагы стадион тургундардын эсебинен оңдолот

Кара-Суудагы стадион  тургундардын эсебинен оңдолот

Сүрөт: Мамкурулуш

Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Жумуш 4-марттан тарта башталып, ага жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнбөйт. Бул тууралуу "Т-Медиага" Кара-Суу районун акими Темирболот Абыкеев билдирди. 

Абыкеевдин сөзүнө караганда, стадион райондогу 131 айылдын тургундарынын эсебинен оңдолот. Ага болжолдуу 20 млн сом сарпталаары пландалууда. Каражатты топтоого "Жаш күч" деген Кара-Суу районунун өнүктүрүү коомдук фонду түзүлгөн.  

"Мындай сунуш 450дөй кишинин арасында айтылып, тургундар колдоп берген. Райондо 131 айыл болсо, 21 муунга 7,5 миң сомдун тегерегинде акча тиет экен. Мисалы, 2001-жылкылардан мектепти жыйырма бала бүтсө, ошого 7500сомдон тиет. Көп түкүрсө көл болот дегендей, баарын эле ашар жолу менен кылалы дедик", -дейт Абыкеев. 

Стадионго элден акча жыйналып жатканын район тургундары соцтармактарга да жазышууда. Алар жергиликтүү бийликтин бул кадамын сындап жатат.

"Жаш күч" ушул жылдын 7-февралында Юстиция министрлигинен жеке фонд катары катоодон өткөн. Жеткечиси катары Рашит Аманкулов көрсөтүлгөн. Негиздөөчүсү- Тургунбек Жумаев.

Мамлекеттик курулуш агентигинин маалыматына караганда, аталган стадион 1960-жылдары курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Анын жалпы аянты 2 гектарды түзүп, 3800 кишиге ылайыкташкан. 

Оңдоп-түзөө иштериринин алкагында трибуналар калыбына келтирилет. Ошондой эле олтургучтарды орнотуп, чуркоо жолдору жана футбол аянтчысын тегиздешет. Мындан тышкары жарыктандыруу, стадиондун четиндеги тосмолорду жаңылоо, эскилиги жеткен ажаткананы бузуп, ордуна жаңыдан 12 көздүү ажаткана куруу, воркаут зонасын уюштуруу, волейбол аянтчасы, трибуналардын үстү жабуу иштери жүрөт.

Кыргызстандагы эң чоң район Кара-Сууда 468 миңден ашуун адам жашайт. Бул былтыркы жылга карата статистика.  Райондогу 16 айыл өкмөт аймактык реформанын алкагында он айыл өкмөт болуп бириктирилди. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей