БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев тил кат менен бошотулду

Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев тил кат менен бошотулду

Темирболот Абыкеев. Сүрөт: "Кактус медиа"

Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Мындай чечимди 23-июлда Ош шаардык соту кабыл алганын "Т-Медиага" облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Абыкеевди кармаган УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын терөөчүсү анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Ош шаардык соту шектүүгө карата ушул жылдын 16-сентябрына чейин "Башка жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат" алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган. Маалыматта судья бөгөт коюу чарасын тандоодо анын өздүгү аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жери бар экендигин жана кызматтык иш сапарын эске алганы айтылат.

Абыкеев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы тууралуу маалымат 23-июлда социалдык түйүндөргө жана айрым жергиликтүү басылмаларга тараган. Атайын кызмат азырынча расмий маалымат бере элек. 

40 жаштагы Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин Чоң-Алай районун жетектеп турган. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Автор: Т-Медиа > 353 статей